Кыргыз футболчулары Австралияга каршы оюнга ак түстөгү форма кийип чыгышат

Эртең, 12-ноябрда Австралиянын Канберра шаарында кыргыз футболчулары Австралия курамасы менен беттешет. Оюн Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында "В" тайпасында өтүп жатат. Бул беттеш алдында атайын отурумда футболчулар кие турган формалар тандалды.
КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, кыргыз футболчулары майданга ак түстөгү форма кийип чыгышат. Ал эми австралиялыктар сары түстөгү форма менен ойношот.
Кошумчалай кетсек, 25 миң күйөрман батыра алган "GIO Canberra" стадионунда орун алчу беттешке 15:00дө (Бишкек сааты боюнча) старт берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Ооба, жазуу түрүндө кабар берип турабыз.