super.kg logo

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында ички дүң продукциянын көлөмү 334 миллиард сомдон ашты

 

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү, алдын ала баалоолор боюнча, 334 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Улуттук статистика комитетинин өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынында аталган мекеменин төрагасы Акылбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырганда 4,8 пайызга көбөйдү.

Ошону менен бирге ИДПнын түзүмүндөгү эң жогорку үлүш кызмат көрсөтүү тармагына туура келди. Ал жалпы көлөмдүн 49 пайызга жакынын түздү. Өнөр жайдын үлүшү 16 пайызга, айыл чарбасы 16 пайызга жакындады, ал эми курулуш 7 пайыздан ашты.

Кошумчалай кетсем, өнөр жай продукциясынын көлөмү 140 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылга салыштырмалуу 8,2 пайызга жогорулады. “Кумтөр” кен казуу ишканасын эсепке албаганда, бул мезгил ичинде продукциянын көлөмү 0,8 пайызга көбөйдү”,- деди Осмоналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.12.2015. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бу ишмердуулук болбосо экономиканын абалы кандай болот эле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: