super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте мамлекеттик мекемелердин 2 миңден ашык кызматкеринин катышуусундагы спартакиада жыйынтыкталды

 

4-9-ноябрь аралыгында Бишкекте мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин спартакиадасы болуп өттү. Анда жалпысынан 12 спорт түрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдеш программасына армрестлинг (кол күрөш), бильярд, волейбол, гиря көтөрүү, дартс, кичи футбол, жеңил атлетика, стол тенниси, ок атуу, тогуз коргоол, шахмат жана аркан тартыш сыяктуу спорт түрлөрү киргизилген.

36 мамлекеттик органдын 2 миңден ашык кызматкеринин катышуусундагы мелдеш мамлекеттик кызматкерлердин спорт менен машыгуусуна шарт түзүү, спортту жайылтуу максатында уюштурулган.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр 2 тайпада аныкталды:

1. Укук коргоо органдарынын жана күч органдарынын кызматкерлеринин арасында 1-орунду ИИМдин командасы багындырды. Калган 2 байгелүү орунга КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери татышты.

2. Күч органдарына тиешеси жок мамлекеттик органдар арасында КРнын Экономика министрлиги жеңүүчү аталса, 2-орунду Каржы министрлиги ээледи. 3-орунга Мамлекеттик антимонополдук жөнгө салуу агенттиги илинди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: