super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин спикери Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулоону сунуштады

 

Жогорку Кеңештин 11-ноябрдагы жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков кыргыз парламентинин пландарын, алдыдагы төрт жылда Жогорку Кеңешти өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди. Спикер президент Алмазбек Атамбаев парламент жыйынында сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө толук кандуу парламенттик башкарууга өтүү зарылдыгын белгилегенин айтып:

"Ал үчүн Конституцияга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин президенттин аппараты, өкмөт, жарандык коомдун өкүлдөрү менен чогуу талкуулап, биз кайсы багыт менен кетерибизди азыртадан аныктап алганыбыз туура болот.

Сот адилеттүүлүгүн камсыз кылууга тикелей же кыйыр байланышкан бир катар кодекстердин долбоорлору биринчи окууда кабыл алынган. Эми бул долбоорду экинчи окууга даярдоо зарыл. Судьялар кеңешин түзүүнүн тартибин да жаңыдан карап чыгуу керек. Ошондой эле сот арачылары жөнүндө мыйзам 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирди, бирок бир канча жолу эскертилгенине карабастан, бул мыйзамдын аткарылышы кечиктирилип жатат",- деп билдирди.

Парламент жетекчиси "Кумтөр" маселесине чекит коюу керектигин да белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: