super.kg logo
  Саясат  

Элчилик: "Президент Москвада 7-кабаттан кулап түшкөн кызга бөлгөн акча которулду"

 

Президент Алмазбек Атамбаев Москвада имараттын 7-кабатынан кулап, учурда ооруканада дарыланып жаткан Канайым Абсамат кызына материалдык жардам катары бөлгөн 300 миң сом (300 миң рубль) кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилиги тарабынан которулду. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда элчиликтен билдиришти.
Жабырлануучу айым С.П.Боткин атындагы клиникалык ооруканада, ага эки ирет операция жасалды. Дарыгерлер мындан аркы кадамдар жана кошумча операция жасоо керекпи же жокпу, жабырлануучу калыбына келгенден кийин белгилүү болорун айтышууда.

Эскерте кетсек, мамлекетибиздин 20 жаштагы жараны Канайым Абсамат кызы жакында Москвада өзүнө карата зомбулук аракети башталганда балконго качып чыгып, төмөнкү кабатка түшүп жаткан учурда кулап кеткен. Жабырлануучу оор жаракаты менен ооруканага жеткирилген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: