Өкмөткө караштуу фонд, кызмат, инспекциялардын башчылары дайындалышты (тизме)
Премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен өкмөткө караштуу бир катар мамлекеттик инспекция жана фонддордун башчылары кызматка дайындалышты. Алар:
Абдырахман Мавлянов - Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы.
Марат Калиев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы.
Жоомартбек Жумабеков - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Материалдык резервдер фондунун төрагасы.
Алмазбек Кадыркулов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы.
Бактыбек Аширов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы.
Санжар Муканбетов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасы.
Калысбек Жумаканов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору.

