super.kg logo

Жыл башынан бери арак өндүрүүдөн түшкөн акциздик салыктын көлөмү 55 пайызга гана аткарылды

 

Жыл башынан бери арак өндүрүмүнөн түшкөн акциздик салыктын көлөмү 55 пайызга гана аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда журналисттер менен жолугушууда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замир Осмонов билдирди. Анын айтымында, буга бир катар себептер бар.

«Жалпы акциздик салык боюнча план 85 пайызга аткарылды. Анын ичинен бөлүп карасак, арак боюнча салык төлөө болжол менен 55 пайызга аткарылды. Ошол эле учурда ички рынокто алкоголдук ичимдиктерди колдонуу азайган эмес. Ал эми арак чыгаруучу ишканалардын билдирүүсүнө таянсак, өлкөдө жарандар спирт ичимдиктерин мурункудай деңгээлде ичпей калышкан. Учурда мечити жок бир да айыл калбай калды. Кээ бир тойлор такыр арагы жок өтүүдө. Биздин орган ага карабай мындай заводдорго видеокөзөмөлдөөлөрдү орнотту. Байкоо онлайн режиминде биздин гана кызматка көрүнүп турат. Мындан тышкары чыгарылып жаткан продукциянын көлөмүн көрсөтүүчү жабдыктар коюлду»,-деди төрага.

Айта кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча 7 арак заводу бар, алардын үчөө Бишкекте, үчөө Чүй облусунда жана бирөө Ысык-Көл облусунда жайгашкан. Шарап чыгарган 17 ишкана жана коньяк чыгарган 2 завод иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
12.11.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштода 2арак завод бар элего? Же алар эсепке кирбейби? Арактын чондору СДПК менен Кыргызстан партиясында жургондо албетте 55 пайыздан ашпайтда. Мечит кобойуп эч ким ичпей калды дешет. Анда арак заводторду жаап эле салбайлыбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: