super.kg logo
  Саясат  

Ахматбек Келдибеков соттогу акыркы сөзүн айтты

 

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин мурунку спикери Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Сот жыйынында айыпталуучу акыркы сөзүн айтты.

"Акыркы эки жылдын ичинде соттук отурумдарда бардык тараптарга бирдей мүмкүнчүлүк түзүлдү, баарына сөз берилип жатты. Сот жыйындарына массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тоскоолдуксуз катышып, объективдүүлүк сакталды деп ойлойм. Айрым басылмалар "Келдибеков көп акча жеп коюптур" дешкен, бирок менин бир тыйын уурдап алганым же кандайдыр бир мүлктү ээлеп алганым далилденген жок. Келечекте юристтер мага карата козголгон кылмыш иши боюнча доктордук диссертацияларды жазышат. Акыркы сөзүм: сот мыйзамдын чегинде адилеттүү чечим чыгарарына ишенем",- деди Келдибеков.

Бүгүн экс-спикерге карата сот өкүмү чыкмакчы.

Эскерте кетсек, буга чейинки соттук отурумда прокурор судьядан Келдибековду мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. Мамлекеттик айыптоочу Келдибеков жогорку кызматты ээлеп турганда Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарганы үчүн жана "Бизнес-партнёр" ишканасына байланыштуу эпизод боюнча жаза берүүнү суранган.






Келдибековдун соттогу акыркы сөзү. 12.11.2015

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: