super.kg logo
  Саясат  

Райондук сот Ахматбек Келдибековду жарым-жартылай актады

 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду жарым-жартылай актады. Экс-спикер бир эпизод: Салык кызматындагы иши боюнча акталды. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилди. Чечимди бүгүн, 12-ноябрда сот жыйынына төрагалык кылуучу судья Абдуразак Боромбаев окуду.

Айыпталуучу сотто толук акталышын күткөнүн билдирди. Ал эми анын коомдук жактоочусу Азимбек Бекназаров кийинки инстанцияга апелляциялык арыз берерин, Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгү боюнча сот чечимине макул эместигин билдирди.

Мындан тышкары Келдибековдун мүлктөрү аресттен чыгарылды. Баш коргоо чарасы (буга чейин үй камагында болчу) сот чечими күчүнө киргенден кийин жоюлат.

Эскерте кетсек, буга чейинки соттук отурумда прокурор судьядан Келдибековду мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. Мамлекеттик айыптоочу Келдибеков жогорку кызматты ээлеп турганда Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарганы үчүн жана "Бизнес-партнёр" ишканасына байланыштуу эпизод боюнча жаза берүүнү суранган.






Райондук сот Ахматбек Келдибековду жарым-жартылай актады (12.11.15)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: