Азимбек Бекназаров "сот кандай чечим чыгарса да, эмоцияга алдырбагыла" деди Келдибековдун тарапташтарына
Азимбек Бекназаров "сот кандай чечим чыгарса да, эмоцияга алдырбагыла" деди айыпталуучу Ахматбек Келдибековдун сот жыйынында отурган тарапташтарына. Сот жыйынында айыпталуучунун отуздай тарапташы отурат. Сыртта да бир нече адам сот чечимин күтүп турат. Өкүмдү угузуучу судья Абдуразак Боромбаев кеңешүүчү бөлмөдө.
Бекназаров - айыпталуучу Келдибековдун коомдук жактоочусу.
Эскерте кетсек, буга чейинки соттук отурумда прокурор судьядан Келдибековду мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. Мамлекеттик айыптоочу Келдибеков жогорку кызматты ээлеп турганда Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарганы үчүн жана "Бизнес-партнёр" ишканасына байланыштуу эпизод боюнча жаза берүүнү суранган.
Бекназаров Келдибековдун тарапташтарына: "Сот кандай чечим чыгарса да, эмоцияга алдырбагыла"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

