super.kg logo
  Спорт  

Австралия курамасы менен кыргыз футболчуларынын беттеши 3:0 эсебинде жыйынтыкталды

 

Атаандаш команда бир топ мыкты болгонун моюнга алуу керек. Бул оюнда атаандаштар мындан да ири эсепте жеңишке жетүүсү мүмкүн эле, бирок коргоочулардын, дарбазачынын аракети буга жолтоо болду. Бардык футбол сүйүүчүлөрүн маанайды чөгөрбөөгө чакырабыз. Кайсы бир күнү биздин футболчулар да жеңишке жетишет.

Беттеш 3:0 эсебинде жыйынтыкталды. Австралия курамасы бул күнү 3 упайга ээ болду.

90-мүнөт. Беттеш калысы негизги убакытка 3 мүнөт кошуп берди. Кыргыз футболчулары чабуул уюштуруу аракетин көрүп жатышат. Дарбазачы Павел Матяш катары менен узатылган дагы 2 соккуну тосуп алды.

Майдандан дарыгерлер алып кеткен Азамат Байматовдун жаракаты оор болушу мүмкүн деп божомолдонууда.

82-мүнөт. Австралиялыктар топко ээлик кылууну улантышууда. Кыргыз футболчуларынын аракеттери эч натыйжа бербей жатат.

77-мүнөт. Оюнда жаракат алган Азамат Байматовдун ордуна майданга Тамерлан Козубаев чыкты.

69-мүнөт. Гол! 3:0. Австралиялыктар эсеп катыштыгында кыйла алдыга чыгышты. Бурчтан чыгарылган топту чабуулчубуз Ильдар Амиров өз дарбазабызга киргизип алды.

61-мүнөт. Алгачкы голду жараткан Миле Единак машыктыруучу тарабынан Том Рожик менен алмаштырылды.

58-мүнөт. Кыргыз футболчулары бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, бирок кооптуу кырдаал жаратуу мүмкүн болгон жок.

56-мүнөт. Оюнга жаңы чыккан Кайрат Жыргалбек уулу атаандашка карата орой ойногондугу үчүн сары айып кагазын алды. Бул оюндагы экинчи сары айып кагазы. Буга чейин Ислам Шамшиев 1-таймда жазаланган.

Голду команданын тирүү легендасы, №4-катар санында ойногон Тим Кэхилл киргизди. Эсеп 2:0.

49-мүнөт. Австралиялыктар экинчи голун жаратышты.

46-мүнөт. 2-тайм башталды. Машыктыруучу мамлекетибиздин футболдук курамынан Иван Филатовдун ордуна Кайрат Жыргалбек уулун майданга чыгарды.

45 мүнөт ичинде атаандаштар топко көбүрөөк ээлик кылышууда. Пайыздык көрсөткүчкө көз сала турган болсок, 27,1 пайыз 72,9 пайызга каршы.

Командалар 15 мүнөттүк эс алууга кетишти. Бул аралыкта 1-таймда катталган сандарга орун берели. 45 мүнөт ичинде австралиялыктар дарбазаны көздөй жалпысынан 14 топ узатышкан. Анын 7си дарбазага таамай багытталган. Ал эми кыргыз футболчулары бул жагынан мактана алышпайт, себеби азырынча футболчуларыбыздын эсебинде 1 гана сокку бар.

25 миң күйөрман батыра ала турган стадион толугу менен толгон сыяктуу, анткени стадиондо бош орун байкалбайт.

Алгачкы тайм 1:0 эсебинде аяктады.

45-мүнөт. Беттеш калысы негизги убакытка 3 мүнөт кошту. Оюн кызуу уланууда.

40-мүнөт. Гол! Ислам Шамшиев атаандашына карата орой ойноп, пенальти алып келди. 11 метрлик айып соккусун Миле Единак таамай аткарып, эсепти ачты.

38-мүнөт. Дарбазачы дагы бир топту чыгарды.

36-мүнөт. Каршылаштардын капитаны Миле Единак алыстан сокку узатты. Топту капитаныбыз Талант Самсалиев тосконго аракет кылды. Бактыга жараша, топ дарбазадан ашып кетти.

Оюндун 34-мүнөтү өтүп жатат. Эсеп дагы да болсо 0:0.

Дарбазачыбыз Павел Матяш арты-артынан узатылган 2 соккуну чыгарды. Анын бул кадамын күйөрмандар жогору баалашты.

Коргоочу Азамат Байматов кезектеги чабуулду уюштурду.

Австралиянын машыктыруучусу Ангелос Постекоглунун жүзүнөн түйшөлүүнү көрүүгө болот. Кыргыз футболчулары каршы чабуул уюштуруп жатышат. Ал эми атаандаштар мүмкүнчүлүктөрүн бошко кетиришүүдө.

Оюндун 15-мүнөтүндө Австралиянын футболчулары гол жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, бирок дарбазачы жана дарбаза түркүгү голдон сактап калды.

Кезектеги чабуулдан кийин футболчуларыбыз бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Үй ээлеринин коргоочулары топту сыртка чыгарышты. Бул чабуул Ильдар Амировдун оффсайд абалында болгону менен жыйынтыкталып, үй ээлери топко ээ болушту.

Оюндун 10-мүнөтү болуп жатат. Ылдамдык баштагыга караганда солгундап калды. Валерий Кичин алыстан сокку узатты. Тилекке каршы, анын тобуна коргоочу блок коюп, дарбазага багытталган топтун багытын өзгөртүп койду.

Азырынча топко көбүнчө австралиялык футболчулар ээлик кылып жатышат. Кыргыз футболчулары көбүрөөк коргонууга мажбур болушууда.

Австралия курамасы арты-артынан чабуулдарды уюштурууда. Албетте, кыргыз курамасынын машыктыруучусу Александр Крестинин оюнчуларга тиешелүү тапшырмаларды берип жатат.

Оюн башталды. Австралия курамасы ортодон баштап, алгачкы чабуулун уюштурду. Тим Кэхиллдин тепкен соккусун кыргыз дарбазачысы тосуп алды.

Учурда Австралия курама командасынын жана Кыргыз Республикасынын оюнчулары мамлекеттик гимнди аткарып бүтүштү. Алар майданды тандап жатышат.

Кыргыз Республикасынын курама командасында негизги курамда төмөнкү футболчулар чыгат:

Дарбазачы: Павел Матяш

Коргоочулар: Валерий Кичин, Талант Самсалиев, Виктор Майер, Азамат Байматов

Жарым коргоочулар: Ислам Шамшиев, Эдгар Бернхардт, Бахтияр Дүйшөбеков, Фархад Мусабеков

Чабуулчулар: Ильдар Амиров, Иван Филатов

Ал эми аларды кошумча күч катары машыктыруучу оюндун өнүгүшүнө төмөнкү футболчулар менен алмаштырат: Валерий Кашуба (дарбазачы), Курсан Шератов, Тамирлан Козубаев, Турсунали Рустамов, Азиз Сыдыков, Кайрат Жыргалбек уулу, Виталий Люкс.

Оюн алдында командалар майданга негизги курамда чыга турган 11ден футболчунун тизмесин жарыялашты.

Бүгүн, 12-ноябрда Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары Канберра шаарында Австралия курамасы менен беттешет. Беттеш саналуу мүнөттөрдөн кийин туура 15:00дө башталат.


кошулду





Австралия vs Кыргызстан 12.11.2015

Австралия vs Кыргызстан. Австралия утту!

Австралия vs Кыргызстан. Кошумча 3 мүнөт! 12.11.2015

Австралия vs Кыргызстан. Оюндун 90 мүнөтү артта 12.11.2015

Австралия vs Кыргызстан 12.11.2015 75-мүнөт

Австралия vs Кыргызстан. Байматовдун жаракаты 12.11.2015

Австралия vs Кыргызстан 2-тайм, 3:0

Австралия vs Кыргызстан. Оюн кызуу өтүп жатат

Австралия vs Кыргызстан 12.11.2015 Дарбазачы кыйын экен

Австралия-Кыргызстан. 2-таймдын башталышы

Австралия-Кыргызстан 2:0

Австралия-Кыргызстан 1:0 (1-тайм аяктады)

Австралия-Кыргызстан. Биздин дарбазага гол кирип кала жаздады

Австралия курамасы пенальтиден эсепти ачты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(143)
12.11.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КИЧИН азамат жакшы ойноп жатат
12.11.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super kg эмне болду онлайнынар токтоп калдыбы? Оюн мынча менен аяктады деп жыйынтык чыгарып койгула
12.11.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оюн бутту окшойт((((
12.11.2015. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойун аяктады 3:0
12.11.2015. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сураныч таблицанын жаңысын дагы чыгарып койгулачы
12.11.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойун бутту 3;0 утулуп кала бердик
12.11.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бирде жигит тоо минет ,бирде жигит жоо журот келечек алдыда.
13.11.2015. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhykyo, a bizdikiler daiym jo juryp jatbaiby
12.11.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
аларды колдоп турса кыргызстан сурдоп озун жоготуп койду го... колдогон биз жок болуп
12.11.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баары алдыда Кыргызстаным.
12.11.2015. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Илдарды куттуктайм....Аты телеге чыкты!!!
12.11.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чеееерт...
Бирок биз да женген кун келкт алдыда баары
12.11.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
алга кыргыз алга
12.11.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
лапашандар
12.11.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
дарбазачы азамат экен! канча деген топторду сактап калды.
12.11.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
3-0 анын экону оздору киргизди, дарбазачыга рахмат 10дой голду тоcуп алды .
12.11.2015. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу автор - кайсы бир күнү эмес, биздин команда буга чейин деле жеңип жүргөн аз болсода. Буйруса 17-ноябрда женебиз.
12.11.2015. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
etaj_rus79 - 10 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.
12.11.2015. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
орусча айтканда не падайте духом
12.11.2015. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чындыгында жаман эле болду! Байматов 17-синде ойношу керек,тезиреек сакайып кет дейли! Нерв болуп таштап аткан тамекини кайра чегип алдым...
12.11.2015. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Утулдук бирок уттук болуптур да... Бирок жигиттер жакшы ойноптур.. Колдон келишинче аракет кылышты да.. Австралия чындыгында күчтүү команда экен.. Жакшы жигиттер көңүл чөктүрбөгуло.. Биздин көчөгө да жарык тийип калаар.. Болгону Азамат Байматовтун жаракаты бир аз көңүлүмдү тынчытпай калды..
Медиа-портал
12.11.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздикилерге топ тийбетирго путуна
12.11.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бүгүн Бангладеш менен Тажикстан ойномок беле эмне болду экен.. Толук маалыматты берип койгулачы сураныч.. SUPER.KG. Анан таблицаны дагы
12.11.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdyrashit.Satylganov, саламатсызбы!
Оюн биздин убакыт боюнча 18:00дө башталат. Ал оюн боюнча кабар беребиз, андыктан биздин порталдан алыстабаңыз.
12.11.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Футболду аябай деле кызыгып корчу эмесмин. Жыйынтык уккандан кийин ыйлагым келди, ыйладым. Бирок келечек алдыда кыргызым, ийгилик
12.11.2015. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздын оюнчулары утулуп келсе дагы колдойм аларды! Что посееш то пожнёш дегендей аларга канчалык аракет, көңүл бөлүнсө ошого жараша результат болотда. Опыт чогултушу керек жигиттерибиз! Чапканда эле көз чыга бербейт дегендей кечке эле ута алышпайтда! Автралиянын оюнчулары деле утулушкандыр кээде болбосо кээде. Кандай болгон күндө дагы кыргыз футболу жаңы эле там таум басып келе жатат. Акырындык менен бутунан турат!
Медиа-портал
12.11.2015. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul jagy vatiaat boluptur go)))
12.11.2015. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Шарманда кылдынарго?
12.11.2015. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ushuga da shugur. Baary aldyda
13.11.2015. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
tebessum,ошону айтсаңар. Дүйнө деңгээлинде футбол боюнча чыкпай эле эчкимге таанылбай деле тыптынч болуп отурбады беле. Азыр акырындык менен башка деңгээлге чыгышпадыбы! Позитив жакты дагы көрүп, сүйүнгөндү билиш керек!
13.11.2015. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коч бара-бара онолот!
Алга жигиттер ийгилик.
13.11.2015. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Австралия-"карт бору" да, биздикилер азамат! Ийгилик!
13.11.2015. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Австралиялыктар бизге келип улак тартып көрсүнчү, атасын таанытсын. Ошентсе да биздикилер азамат.
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: