super.kg logo
  Спорт  

Австралия курамасы менен кыргыз футболчуларынын беттеши 3:0 эсебинде жыйынтыкталды

 

Атаандаш команда бир топ мыкты болгонун моюнга алуу керек. Бул оюнда атаандаштар мындан да ири эсепте жеңишке жетүүсү мүмкүн эле, бирок коргоочулардын, дарбазачынын аракети буга жолтоо болду. Бардык футбол сүйүүчүлөрүн маанайды чөгөрбөөгө чакырабыз. Кайсы бир күнү биздин футболчулар да жеңишке жетишет.

Беттеш 3:0 эсебинде жыйынтыкталды. Австралия курамасы бул күнү 3 упайга ээ болду.

90-мүнөт. Беттеш калысы негизги убакытка 3 мүнөт кошуп берди. Кыргыз футболчулары чабуул уюштуруу аракетин көрүп жатышат. Дарбазачы Павел Матяш катары менен узатылган дагы 2 соккуну тосуп алды.

Майдандан дарыгерлер алып кеткен Азамат Байматовдун жаракаты оор болушу мүмкүн деп божомолдонууда.

82-мүнөт. Австралиялыктар топко ээлик кылууну улантышууда. Кыргыз футболчуларынын аракеттери эч натыйжа бербей жатат.

77-мүнөт. Оюнда жаракат алган Азамат Байматовдун ордуна майданга Тамерлан Козубаев чыкты.

69-мүнөт. Гол! 3:0. Австралиялыктар эсеп катыштыгында кыйла алдыга чыгышты. Бурчтан чыгарылган топту чабуулчубуз Ильдар Амиров өз дарбазабызга киргизип алды.

61-мүнөт. Алгачкы голду жараткан Миле Единак машыктыруучу тарабынан Том Рожик менен алмаштырылды.

58-мүнөт. Кыргыз футболчулары бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, бирок кооптуу кырдаал жаратуу мүмкүн болгон жок.

56-мүнөт. Оюнга жаңы чыккан Кайрат Жыргалбек уулу атаандашка карата орой ойногондугу үчүн сары айып кагазын алды. Бул оюндагы экинчи сары айып кагазы. Буга чейин Ислам Шамшиев 1-таймда жазаланган.

Голду команданын тирүү легендасы, №4-катар санында ойногон Тим Кэхилл киргизди. Эсеп 2:0.

49-мүнөт. Австралиялыктар экинчи голун жаратышты.

46-мүнөт. 2-тайм башталды. Машыктыруучу мамлекетибиздин футболдук курамынан Иван Филатовдун ордуна Кайрат Жыргалбек уулун майданга чыгарды.

45 мүнөт ичинде атаандаштар топко көбүрөөк ээлик кылышууда. Пайыздык көрсөткүчкө көз сала турган болсок, 27,1 пайыз 72,9 пайызга каршы.

Командалар 15 мүнөттүк эс алууга кетишти. Бул аралыкта 1-таймда катталган сандарга орун берели. 45 мүнөт ичинде австралиялыктар дарбазаны көздөй жалпысынан 14 топ узатышкан. Анын 7си дарбазага таамай багытталган. Ал эми кыргыз футболчулары бул жагынан мактана алышпайт, себеби азырынча футболчуларыбыздын эсебинде 1 гана сокку бар.

25 миң күйөрман батыра ала турган стадион толугу менен толгон сыяктуу, анткени стадиондо бош орун байкалбайт.

Алгачкы тайм 1:0 эсебинде аяктады.

45-мүнөт. Беттеш калысы негизги убакытка 3 мүнөт кошту. Оюн кызуу уланууда.

40-мүнөт. Гол! Ислам Шамшиев атаандашына карата орой ойноп, пенальти алып келди. 11 метрлик айып соккусун Миле Единак таамай аткарып, эсепти ачты.

38-мүнөт. Дарбазачы дагы бир топту чыгарды.

36-мүнөт. Каршылаштардын капитаны Миле Единак алыстан сокку узатты. Топту капитаныбыз Талант Самсалиев тосконго аракет кылды. Бактыга жараша, топ дарбазадан ашып кетти.

Оюндун 34-мүнөтү өтүп жатат. Эсеп дагы да болсо 0:0.

Дарбазачыбыз Павел Матяш арты-артынан узатылган 2 соккуну чыгарды. Анын бул кадамын күйөрмандар жогору баалашты.

Коргоочу Азамат Байматов кезектеги чабуулду уюштурду.

Австралиянын машыктыруучусу Ангелос Постекоглунун жүзүнөн түйшөлүүнү көрүүгө болот. Кыргыз футболчулары каршы чабуул уюштуруп жатышат. Ал эми атаандаштар мүмкүнчүлүктөрүн бошко кетиришүүдө.

Оюндун 15-мүнөтүндө Австралиянын футболчулары гол жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, бирок дарбазачы жана дарбаза түркүгү голдон сактап калды.

Кезектеги чабуулдан кийин футболчуларыбыз бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Үй ээлеринин коргоочулары топту сыртка чыгарышты. Бул чабуул Ильдар Амировдун оффсайд абалында болгону менен жыйынтыкталып, үй ээлери топко ээ болушту.

Оюндун 10-мүнөтү болуп жатат. Ылдамдык баштагыга караганда солгундап калды. Валерий Кичин алыстан сокку узатты. Тилекке каршы, анын тобуна коргоочу блок коюп, дарбазага багытталган топтун багытын өзгөртүп койду.

Азырынча топко көбүнчө австралиялык футболчулар ээлик кылып жатышат. Кыргыз футболчулары көбүрөөк коргонууга мажбур болушууда.

Австралия курамасы арты-артынан чабуулдарды уюштурууда. Албетте, кыргыз курамасынын машыктыруучусу Александр Крестинин оюнчуларга тиешелүү тапшырмаларды берип жатат.

Оюн башталды. Австралия курамасы ортодон баштап, алгачкы чабуулун уюштурду. Тим Кэхиллдин тепкен соккусун кыргыз дарбазачысы тосуп алды.

Учурда Австралия курама командасынын жана Кыргыз Республикасынын оюнчулары мамлекеттик гимнди аткарып бүтүштү. Алар майданды тандап жатышат.

Кыргыз Республикасынын курама командасында негизги курамда төмөнкү футболчулар чыгат:

Дарбазачы: Павел Матяш

Коргоочулар: Валерий Кичин, Талант Самсалиев, Виктор Майер, Азамат Байматов

Жарым коргоочулар: Ислам Шамшиев, Эдгар Бернхардт, Бахтияр Дүйшөбеков, Фархад Мусабеков

Чабуулчулар: Ильдар Амиров, Иван Филатов

Ал эми аларды кошумча күч катары машыктыруучу оюндун өнүгүшүнө төмөнкү футболчулар менен алмаштырат: Валерий Кашуба (дарбазачы), Курсан Шератов, Тамирлан Козубаев, Турсунали Рустамов, Азиз Сыдыков, Кайрат Жыргалбек уулу, Виталий Люкс.

Оюн алдында командалар майданга негизги курамда чыга турган 11ден футболчунун тизмесин жарыялашты.

Бүгүн, 12-ноябрда Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары Канберра шаарында Австралия курамасы менен беттешет. Беттеш саналуу мүнөттөрдөн кийин туура 15:00дө башталат.


кошулду





Австралия vs Кыргызстан 12.11.2015

Австралия vs Кыргызстан. Австралия утту!

Австралия vs Кыргызстан. Кошумча 3 мүнөт! 12.11.2015

Австралия vs Кыргызстан. Оюндун 90 мүнөтү артта 12.11.2015

Австралия vs Кыргызстан 12.11.2015 75-мүнөт

Австралия vs Кыргызстан. Байматовдун жаракаты 12.11.2015

Австралия vs Кыргызстан 2-тайм, 3:0

Австралия vs Кыргызстан. Оюн кызуу өтүп жатат

Австралия vs Кыргызстан 12.11.2015 Дарбазачы кыйын экен

Австралия-Кыргызстан. 2-таймдын башталышы

Австралия-Кыргызстан 2:0

Австралия-Кыргызстан 1:0 (1-тайм аяктады)

Австралия-Кыргызстан. Биздин дарбазага гол кирип кала жаздады

Австралия курамасы пенальтиден эсепти ачты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(143)
12.11.2015. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жок го туз алып корсотууу
12.11.2015. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КТРК да болот
12.11.2015. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
болуш керек эле
12.11.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ктрк дан корсотобу достор?
kumushbek.kuttubekov түзөттү 12.11.2015 14:59
12.11.2015. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буюрса жениш биз тарапта,алга Кыргызстан ар дайым жеништерге жетише бер!!!ураааа

12.11.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ойлонуууп туруп албай жакшына ойногула ийгилик!!!
женилсенер да иттей кылып жугурткулочу .кичине болсо да тайсалдап калышсын.
12.11.2015. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ктр ден корсотуп жатабы
12.11.2015. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга Кыргызым алга!
12.11.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буйруса женишет деген умутомун. 2.1 эсебинде женилип калган беле откон оюнда
12.11.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ким кайсыл каналдан коруп жатат?сонку кабарга кабар жазгандар бат баттан жазып тургулачы сураныч.
12.11.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик. Жениш менен кайткыла.
12.11.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик кыргыздарга........туз эфирден корсотпой эле турат
12.11.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тезден жазып турунуздар супер силерден кортам мен суперсинер
12.11.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урааа
12.11.2015. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhykyo,эмне болду
12.11.2015. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
amanatym, Колдоп туралы алдын ала кийирип калабы
12.11.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhykyo,анда урааааа
12.11.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оа тезден жазып турунуздарчы
12.11.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Утуп калса экен хотя бы тен чыккыла!
Алга Кыргызыстаааааан
12.11.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байматов дагы бир голдон сактап калды.
12.11.2015. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын Павел .........Умут сенде
12.11.2015. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргызстан конокто женип дуйнону дун дедиргилечи.
12.11.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоон Кудай сактады дагы бир гол кирип кете жаздады кыргызстанга
12.11.2015. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оюндун 39 минутасында пенальти белгиленип кыргызтанды варатасына 1 гол кадалды
12.11.2015. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигитерди аллахым колдосун. Бир ордумда отура албай жатам. Кыргыз жигитерине куч кубат берсин
12.11.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suksuraliev1990, баш ооруп чыкты он минута ичинде экинчи почка сигаретими чегип жатам.
12.11.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бизге пенальтинен гол урду
12.11.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КТРК туз эфирден корсотуп койсо болмок!
12.11.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Qnet, ошода ужас кино болуп жатат эч корбойт аны
12.11.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Австралия 1 уже
12.11.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ылайым эле Кыргызстан 2:0 женип алсын Ооомин!!!
12.11.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге гол кирдиби???
12.11.2015. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айткылачыы... БОлгулачы????
12.11.2015. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1-0 автралия алдыды 11-м тепти
12.11.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
черт ((((((((((((((((((((((((((((((((((
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: