super.kg logo

Жылнаама, 13-ноябрь: Мындан 2 жыл мурун Бишкекте шоумен, тамада Бакыт Букаев киши колдуу болуп каза тапкан

 

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Бишкекте шоумен, тамада Бакыт Букаев киши колдуу болуп каза тапкан.
44 жаштагы тамада бычактан алган жаракаттан улам көз жумган. Анын денеси шаардын Бөкөнбаев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги батиринен саат 19:00 чамасында табылган.
Маалыматтар боюнча, Б.Букаев 13-ноябрь күнү бир кечеде тамадалык кылмак, бирок белгиленген убакытта ал жерге барган эмес. Мындан улам санаалаштарынын бири анын үйүнө барып, тамаданын жансыз денесин тапкан.
Бакыт Букаевдин сөөгү 15-ноябрда Ысык-Көл облусунун Темир айылында жерге берилген.

* Мындан 60 жыл мурун, 1955-жылы америкалык актриса, продюсер, сценарист жана телеалпаруучу Вупи Голдберг (чыныгы аты-жөнү Кэрин Элейн Жонсон) Американын Нью-Йорк шаарында туулган. Америкадагы эң сыйлуу делинген "Оскар", "Грэмми", "Эмми", "Тони" сыйлыктарынын ээси Вупи Голдберг "Привидение", "Звёздный путь", "Сделано в Америке", "Няня", "Прерванная жизнь", "На том свете", "Однажды в стране чудес" ж.б. тасмаларда мыкты ролдорду жараткан.

* Мындан 46 жыл мурун, 1969-жылы шотландиялык актёр Жерард Батлер Шотландиянын Глазго шаарында туулган.
Жерард Батлер 1997-жылы "Миссис Браун" тасмасына тартылып, актёрдук карьерасын баштаган. Актёр "Падение Олимпа", "Покорители волн", "Мужчина нарасхват", "Призрак оперы", "300 спартанцев", "Голая правда", "Законопослушный гражданин", "Рок-н-рольщик" тасмаларындагы аткарган ролдору менен атактуулукка жеткен.

* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Түркиянын аскердик аба күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү Күрдистандын аймагын бомбалай баштаган. Бомбалоо бир саатка созулган. Ага чейин Түркия Ирактын курамындагы Күрдистанга каршы операция жүргүзөрүн жар салган. Түрк бийлигинин мындай кадамга барганына Күрд жумушчу партиясынын согушчандары чек арадагы Чукуржа шаарында 26 аскерди өлтүрүшкөнү себеп болгон.

13-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
12.11.2015. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Убакыт учкан куш дейт,2 жыл болуп калган тура бат эле.
12.11.2015. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Izdeim_seni., менда ошону ойлодум эле.
12.11.2015. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким олтургону табылганбы билгендер болсо жазып койгулачы
12.11.2015. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир узбек улутундагы адамды кунолуу
экен деп уккандай болгон элем алашпасам
Убакыттын отконуно тан калдым
12.11.2015. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечээ эле твдан суйлоп жаткан адамды,бугун баары унуткандай...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: