Футзал боюнча улуттук курама жолдоштук оюнда тажикстандык "Сипар" клубун 8:1 эсебинде утту





Футзал боюнча улуттук курама команда жолдоштук оюнда тажикстандык “Сипар” клубун 8:1 эсебинде утуп алды. Бул оюн футболчуларыбыздын Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдыгынын алкагында өтүүдө.
КРнын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, анда алгачкы таймда Дилшат Кадыров, Максат Алимов, Руслан Гафуров жана Акпар Данибаев сыяктуу футболчулар айырмаланышты. Экинчи таймдагы голдорду болсо Руслан Гафуров, Улан Байгазы уулу, Дилшат Кадыров жана Саламат Мамбеталиевдер өз эсептерине жазышты.
Кошумчалай кетсек, Худжанд шаарында өтчү тандоо турунда футболчуларыбыз Түркмөнстан, Ооганстан жана Тажикстан командалары менен ойношот. Мелдештин финалдык баскычы 2016-жылы 9-20-февраль аралыгында Ташкент шаарында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.