super.kg logo

Муфтият: "Быйыл ажылык сапарга жазылып, бирок кайра баш тарткандар көп болду"

 

Быйыл ажылык сапарга жазылып, бирок кайра баш тарткандар көп болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда маалымат жыйынында муфтийдин орун басары Замир Ракиев билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн түндүк аймагынан 625 квота ээсиз калып, башкаларга берилди.

"Быйыл ажылык сапарга айрым жарандарыбыз кризистин айынан, каза болуп калып же оорунун айынан бара албай калышты. Ошентсе да катталып, анан баш тарткандардын орду бат эле толтурулду. Мисалы, түндүк аймагында ашып калган квоталар түштүктө кезекте тургандарга берилди. Быйыл кыргыз өлкөсүнө 3685 жана кошумча 500 квота бөлүнүп, жалпы 4185 адам ажылык сапарга барып келди. Ажылык учурунда 4 зыяратчы өз ажалы менен көз жумду. Алардын сөөгү туугандарынын уруксаты менен Мекке шаарына коюлду",- деди Ракиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
13.11.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атам 79 га, апам 75 ке чыкты,,,, эми мумкунчулук болуп жазылышып койулса чучу кулак кылып болбой калды деп койдунуздарго,, улуу урматтулар чон акем муфтийаткаче барып келди орун жок ,--болбойт деп эми мындай деп суйлогонунуздорго жол болсун,!
13.11.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин тушунугум боюнча 2016 жылга жазылып атабы же башкачабы кенериеек тушундургулочу алдынала рахмат
13.11.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урматтуу муфтият өкүлдөрү сөзүмдүн башында айтып кетерим, мен бирөөнү каралап жамандагым келген жок, жөнү жок андай да кылбаймын, бирок мен билгенден жыл сайын биздин мамлекеттин атынан Кытай Эл республикасында жашаган уйгурлар Бишкекке келгенин өз көзүм менен көрүп, сүйлөшүп да көрдүм. Алар ажыга баруу үчүн чоң суммадагы акчаны беришет экен, бирок кимге берээрин тактап сурабадым. Менимче ажыга баруучулар өз эрктери менен эмес, алдын ала место алып сатуу үчүн баш тартып жаткандай элес калтырат.
13.11.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дин чөйрөсүнө да кээ бир ою тайкы, эки жүздүү динден кабары аз адамдар кирип алышкан окшойт, ушунан да бизнес жасай койсом деген. Ажыга баруучулардын тизмесин сайттарга ачык жазып, туулгандыгын жана кайсы мамлекеттин жараны экендигин так көрсөтүү керек, анткени биздин өлкөнүн атынан быйыл да башка жактан келгендер кетти, дакументти тактап жатканда мамлекеттик кызматкерлер каякты карап жазып жатат түшүнбөймүн. Коомго зыяны жок иш чаралар ачык айкын болушу зарыл.
13.11.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коррупция менен күрөшүү агенттиктери жакшылап текшерсе, кемчиликтери оркоюп эле чыкчуудай! Эми акыр аягы акыйкаттыкка жетүү жана адилет бийликти орнотуу керек, биз кайдыгерликтин айынан өнүгө албай белчебизден карызга матырылып, элдин эсебинен жашап коюп, чоң жумуштарды бүтүргөнсүп жүрөбүз! Биздин бүгүнкү кадамыбыз, эртеңки жашообуз жана да бул урпактарыбыздын келечеги! ойлонолу!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: