Коррупция боюнча айыпталган экс-депутат Урмат Аманбаева 9 жылга эркинен ажыратылды

Коррупция боюнча айыпталып жаткан Урмат Аманбаеванын иши бүгүн, 13-ноябрда Октябрь райондук сотунда каралды. Соттук отурумда судья Кымбат Архарова экс-депутатты 9 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо боюнча өкүм чыгарды. Өкүм окулгандан кийин мурдагы эл өкүлү сот залынан камакка алынды.
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Ал Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган.
Аманбаева өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Буйруса берки жегичтер да кармалып жазасын алышаар деп үмүттөнүп койдум...
Кимдир бирөөлөрдү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.