super.kg logo
  Саясат  

Балыкчы шаарындагы "Каухар-Таш" темир-бетон заводу учурда 63 адамды жумуш менен камсыз кылат

 

Бүгүн, 14-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ысык-Кɵл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарындагы «Каухар-Таш» темир-бетон заводунун иши менен таанышты. 1979-жылы курулган завод учурда 63 адамды иш менен камсыз кылат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Премьер-министр аймактардагы мындай заводдун иштеши маанилүү экенин белгилеп, туруктуу түрдɵ иштешине кɵмɵктɵшүү керектигин билдирди. Өкмөт башчы Балыкчы – Корумду жолун оңдоо иштери башталып жатканын маалымдап, завод чыгарган продукцияны курулуш үчүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

«Жакынкы жылдары Ысык-Кɵл шакекчесин куруу башталат. Муну менен катар Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларындагы суу түтүктɵрү жаңыртылат. Анын алкагында келишим түзүп, буйрутмаларды кабыл алуу менен ɵндүрүштүн кɵлɵмүн кеңейтүүгɵ болот. Бул жеңилдетилген насыялардан колдонуш керек. Ошол эле учурда облус жана шаар жетекчилиги заводго колдоо кɵрсɵтүшү керек»,- деди Т.Сариев.

Заводдун жетекчилиги Балыкчы – Корумду жолун оңдоо үчүн алгачкы буйрутмаларды кабыл алганын маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: