Бир катар алдамчылык фактыларына шектелип Таш-Көмүр шаарынын тургуну кармалды

Бир катар алдамчылык фактыларына шектелип Таш-Көмүр шаарынын 33 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 14-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга эки жаран кайрылып, Эркин аттуу бала алдап, алардын ири суммадагы акча каражатын алып кеткенин айтышкан. Белгилүү болгондой, жай айларында кармалган жаран жер тилкесин алып берүүнү убадалап, бир адамдын 6 миң долларлык унаасын, экинчи адамдын 50 миң сом акчасын алып кеткен.
Факт боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү катары К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, 1982-жылы туулган Эркинбек Миңбаев колго түшүрүлдү. Шектүүдөн жабыркагандар 66-06-83 телефон номуру аркылуу байланышка чыгышса болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.