super.kg logo

Өлкө аймагындагы медресе жетекчилери бир жылдык отчётун тапшырышууда

 

Кыргызстан ислам университетинин жыйындар залында муфтият алдындагы диний окуу жайлардын жетекчилери бир жыл аралыгында аткарган иштери туурасында өздөрүнүн отчётторун тапшырып жатышат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Облус аймагынан чогулушкан диний окуу жайлардын жетекчилери отчёттук ишин муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов, КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов жана КМДБнын башкы эсепчиси Жеңиш ажы Бекиев кабыл алышууда.

Алгач 15-ноябрда Талас облусундагы эки медресенин жетекчилери бир жылдык отчётторун тапшырышты.
Равшан ажы Эратов муфтият тарабынан бөлүнүп жаткан акча каражаттарын туура пайдаланып, сарпталган акча каражаттарынын эсеби туурасында отчёту жана протоколу болуусун айтып, бөлүнгөн акча каражаты максаттуу жумшалуусу зарыл экендигин эскертти.

Өздөрүнүн отчётторун берүүгө даяр эмес медресе мүдүрлөрүнө КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов 4 күн мөөнөт берилерин эскертип, анда да отчёт тапшырылбаса, чара көрүлөрүн айтып өттү.

Учурда өлкө боюнча 90 медресе бар болсо, анын 70и иштеп келет. Ал эми 20 медресе ар кандай себептерден улам иштебейт. Учурда өлкө аймагындагы медреселерде жалпысынан 6126 окуучу билим алууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: