Күйүүчү май ташыган 40 тонналык автоунаа Чычкан cуусуна түшүп кетип, соляркасы сууга төгүлүп калды
14-ноябрь күнү саат 21:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымындагы Өрүктү аймагында күйүүчү май ташыган 40 тонналык автоунаа Чычкан cуусуна түшүп кетип, соляркасы дарыяга төгүлүп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан 16-ноябрда билдиришти.
Маалым болгондой, унаадагы 3 адам жабыркап, алар райондук ооруканага жеткирилишти. Окуя болгон жерге ӨКМнын №97-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, куткаруу жана өрттү болтурбоо иш-чараларын көрүшкөн. Экологиялык-техникалык инспекциянын адистери, жол-кайгуул кызматкерлери да кырсык болгон жерге барышып, тактоо-иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Эми суу кайда барат, 40т.солярка менен экология булганган турбайбы.