super.kg logo

Террордук уюмдун идеяларын колдогон 19 жаштагы жаран мекендешин Ош аэропортунан Түркияга жиберип жаткан жеринен кармалды

 

“Ислам мамлекети” террордук уюмунун идеяларын колдогон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан 16-ноябрда кабарлашты.

Маалым болгондой, ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын жана Ош шаардык башкармалыгынын 31-октябрдан бери жүргүзгөн иш-чарасынын натыйжасында Ноокат шаарынын 19 жаштагы А.И. аттуу тургуну Ош шаарынын жана облусунун аймагынан атуулдардын Сирия мамлекетине согуштук аракеттерге баруусуна интернет жана башка байланыш каражаттары аркылуу үгүт иштерин жүргүзүп жүргөндүгү аныкталган. Сирияга жөнөтүлүүчү атуулдардын жол киреге кеткен каржы маселелерине жардамдашып, өзү жашаган турак жайларда ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү боюнча да ыкчам маалыматтар алынган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 14-ноябрь күнү Ош шаарынан кезектеги даярдаган адамы менен Ош аэропортуна барып, ал жерде жөнөтүлүүчү адамга “Ислам мамлекети” террордук уюмунун ишмердүүлүгү боюнча кошумча маалыматтарды берип, Ош-Стамбул каттамы аркылуу жөнөтүп жатканда кармалды. Сурак учурунда И.А. “Катибат аль Имам Аль-Бухари” (2015-жылдын май айында Ош шаардык соту тарабынан террордук уюм катарында таанылган) террордук тобунун мүчөсү экендиги жана анын Сирия мамлекетинде болуп жаткан согуштук аракеттерге жарандарды тартып, жөнөтүп жүргөндүгү тастыкталган.

Кызматкерлер тарабынан ыкчам маалыматтар алынып, ага ылайык, А.И. жардыруучу заттарды колдонуу менен террордук актыларды уюштуруу аракеттерин көрүп жаткандыгы билинген. Ыкчам иш-чаралардын негизинде И.А. жашаган жерге тинтүү жүргүзүлүп, 2 даана атайын жасалган жардыруучу заттар, көптөгөн DVD-дисктер, уюлдук телефондор, СИМ-карталар, диний-экстремисттик адабияттар, компьютерлер, ар кандай суюктуктары бар бөтөлкөлөр табылды.

Азыркы учурда жогорудагы аныкталган учурлар боюнча шектүү атуулдун кылмыш байланыштарын аныктоо максатында иликтөө иш-чаралары өткөрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
16.11.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ноокат шаары? шаар статусун качан алды эле?
16.11.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tursunai23, саламатсызбы!
Ноокат шаар статусун 2003-жылы алган.
16.11.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2002 жылы
16.11.2015. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаш эле балакенго буга эмне жетпеди деген ой келди. Андан коро кудай берген омурду тынч жана татыктуу жашаса болмок.
16.11.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ноокаттын каэринен экен?
16.11.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aiko_92_29_08, "шаарынан"-деп жататго демек центиринен,эгер айылдан болгондо айылдын аты кошо жазылса керек эле.Бул жанагы туугандарданго дейм,кыргыздын атын жамынып,жаман атты кылган.
16.11.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата-энеси баласын эмне иш менен алектенип жургонун билбейт бекен? Азыркы заманда берилуучу тарбиянын сапаты деле ото томон окшойт. "Атпагыла баламды!" деп ыйлап чыгат кийин эле. Андыктан ата-энелер балдары менен тыгыз байланышта болуп, туура тарбия берип, туз жолго салып койсо мындай бей баш жаштарыбыз кыргыз элинин керегине жараган атуулу болуп чыгат беле деген ой.
16.11.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалан Сирияга Оштон кетип жатат. Ошол жактагылар эмне кыргызстанды карангы эл катары корсотуп жатышат. Кечээ Баткендик бала Россияда терракт бар деп жар салып журуптур. Аны кармашып сурака алышса Баткендик экен.Тынч эле жашаса болбойт беле
16.11.2015. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
oskar,Кыргызстандын атын булгагандар жалан Ош тараптан чыккандары белгилуу.Себеби туштукто озбектер коп.Сирияга кетип жаткандардын баары озбек,тажиктер.Алар айтышат экен Кыргызстанда паспорт бекер деп.Озбекстандан,Тажикстандан келип болбогон акчага паспорт сатып алышып бут Кыргызстанды жаман корсотуп жатышат.Аты жонун толук жазбаптыр да,бул да озбек болсо керек.
16.11.2015. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура силер айтканынар чын! Бирок бир эки адамды деп Ош Баткенди жаман корсоткон болбойтко !
19.11.2015. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин алдына бир койбериш керекда согушкан кандай болот кортот молдолор сурайт эле аякта жихат эмес неге кетип жатасын Ата энесин кошуна колонну сураштырыш керек кошуналарыда алданып аткандыр серияда жихат болгон жок деп молдрлор какшап айтып атышат аны укпай эле кетип атышат кыргызстанды жаман корсотушуп айрыкча Ош тарапты
24.11.2015. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оскар тундугунонда 2 00чукул экен как будто жоктой айтасында
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: