super.kg logo

Кыргыз улутундагы Орусия жаранынын 5400 доллар акчасын "атайын техниканын жардамы менен көбөйтүп беребиз" деп алып алгандар колго түшүштү

 

Кыргыз улутундагы Орусия жаранынын 5400 доллар акчасын "атайын техниканын жардамы менен көбөйтүп беребиз" деп алып алган Камерун менен Нигериянын жарандары колго түшүштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан 16-ноябрда билдиришти.

Маалым болгондой, 2015-жылдын ноябрь айында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 1970-жылы Жалал-Абад облусунда туулган Б.У. аттуу Орусиянын жараны кайрылган. Ал ушул жылдын сентябрь айында кара терилүү чет өлкөлүк Карим жана Жамин аттуу эки адам 5400 долларын алдоо жолу менен алып, таптырбай жүргөнүн айткан.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, сентябрь айында Москва шаарындагы тез тамактануучу жайлардын биринде Ж.А. аттуу мекендешибиз Карим аттуу чет өлкөлүк жаран менен таанышып калат. Карим ага долларды техниканын жардамы менен эки-үч эсе көбөйтсө болорун айтат. Бир канча күндөн соң Карим аны өз үйүнө чакырып, чогуу жашаган Жамин деген досу менен тааныштырып, ал экөө тең Франциядан боло турганын айткан. Андан кийин Европадан алынып келинген техниканы көрсөтүп, анын жардамы менен жөнөкөй кагазды акча кылып чыгарса боло турганын айтып ишендиришкен. Андан кийин Орусиянын Б.У. аттуу жараны унаасын күрөөгө коюп, анын үстүнө катып жүргөн акчасын кошкон. Бир канча убакыттан кийин Б.У. алардын үйүнө барып акчасын берген. Алар порошокту акчага аралаштырып, андан кийин аны эки кара кагаздын ичине коюп, сыртынан фольга ороп, скотч менен таңып беришкен. Ал акча үч эсе көбөйүш үчүн 10 килограмм салмактагы жүктүн астына 24 саат бастырып турууну айтышкан. Үйүнө келип аны ачканда ичинде эки кара кагаз гана бар болгонун көргөн. Ал убакта Карим жана Жамин из жашырып кетишкен.

Ал жаран өкүлчүлүккө ноябрь айында кайрылган. ИИМ өкүлчүлүгү жана Орусиянын полициясы издөө иштерин жүргүзүп, эки адамды колго түшүрүштү. Өзүн Карим деп тааныштырганы Нигериянын 1991-жылы туулган Батхоломе Эммануел Чибузо аттуу жараны болуп чыкты. Ал эми Жамин деп тааныштырганы Камерун Республикасынын 1975-жылы туулган Жомаха Херман Тиерри аттуу жараны экени аныкталды.

Аларга карата "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
16.11.2015. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
45 жашка чыгып калган кишинин сыйкырчыга ишенгенин кара, жакшы табылып калыптыр... Ушу киши кичинесинде сыйкырчы тууралуу жомокту кооооп окуган го чамасы...
16.11.2015. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тобоо...Чоон эле адам да ушуга ишенеби?
16.11.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр жаш баланы да алдасан алданбайтго.кантип чин эле кишки ушуга ишенди
16.11.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип ишенет алдырарга жазгырар болуптурда
16.11.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми негрлер алдай баштады кыргыздарды. Жинди болгонбу бул Б.У деген жаран.
16.11.2015. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аларда билишетта. Кимди алдашты. Бизде панбаштар коп. Азыр коншунада ишенбей турган заманго
16.11.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал негирлер Кыргызстанга келбептирда, жаш бала деле ишенбейт болчу буларга.
16.11.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кара терилуу эргулдар бир гана жогорудагы адамды эмес москвич орус тургундарын да алдаптып б...булар жонунда орустардын баардык сайттары жазып чыгышты.
16.11.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оло алдаптыр
16.11.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айласыз кугосун да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: