Экотехинспекция: Күйүүчү май ташыган автоунаасы менен Чычкан cуусуна соляркасын төгүп алган жаранга өлүп калган ар бир балык үчүн айып салынат
14-ноябрь күнү саат 21:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымындагы Өрүктү аймагында күйүүчү май ташыган 30 тонналык автоунаа Чычкан cуусуна түшүп кетип, соляркасы дарыяга төгүлүп калган. Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматынын жетекчиси Анарбек Абазбековдун SUPER.KG'ге билдиришинче, аталган мекеме бүгүн, 16-ноябрда Чычкан дарыясынын жана Токтогул суу сактагычындагы суудан аз өлчөмдө алып келип, Бишкектеги лабораторияга текшерүүгө өткөрүп берди.
"Лаборатория 8 сааттын ичинде жыйынтык чыгарып бериши керек. Эгерде солярка агып барып Токтогул суусуна кирчү болсо, андагы балыктардан айрылабыз. Токтогул суу сактагычында кеминде 500 сомдон 2 миң сомго чейинки баада сатылчу балыктын 9 түрү бар.
Ал эми соляркасын сууга төгүп алганы үчүн айдоочуга 5 миң сомдон 10 миң сомго чейинки өлчөмдө айып пул салынса, ар бир өлгөн балык үчүн ага 500 сомдон 2 миң сомго чейин айып пул салынат. Эгерде төлөөдөн кача турган болсо, кылмыш иши козголот",- деди Абазбеков.
Жол кырсыгынан 3 адам жабыркап, алар райондук ооруканага жеткирилишкен.

Себеби эки кун болду Оштон Бишкеке келгемин. Жолдун акывалына мышык ыйлайт, калп айтпасам жолдо 30 чакты камаз фуралар жолдо жатат ар турдуу жол кырсыгына кабылып. Аларга ким жооп берет. Бир машина жок жолду тазалаган. Ким тазалайт жолду?
Акчаны эмнеге толоп атабыз?
Чондор жол журбосо карапайым калктын акывалын каяктан билет. Алабел менен Тоо ашуудан Кудай жалгап отуп кеттик.
Мага ишенбесенер журналисттер барып тартып чыгарсын карапайым ка