super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлиги: Октябрда республикалык бюджеттин чыгымы былтыркыга салыштырмалуу 1 миллиард сомго көбөйдү

 

2015-жылдын октябрында ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 10 миллиард сомду түздү. Былтыркы жылдын октябрына салыштырмалуу чыгым 1 миллиард 400 миллион сомго көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акысына былтыр октябрда 1 миллиард 702 миллион сом бөлүнсө, быйыл 2 миллиард 315 миллион сом бөлүндү. "Имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча чыгымдар былтыр 879 миллион сом болсо, бул жылы 1 миллиард 427 миллион сом болуп ,548 миллион сомго өстү. Ал эми кызматтык сапарларга кеткен республикалык бюджеттин чыгымдары былтыр 125,2 миллион сом болсо, быйылкы жылдын октябрында 79,7 миллион сом болуп, 45,5 миллион сомго азайды",- деп билдирет министрлик. 2015-жылдын октябрында социалдык камсыздоо боюнча
жөлөк пулдарды берүүгө республикалык бюджеттен 1 миллиард 406 миллион сом жумшалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: