super.kg logo

Ош. Кыргыз тили боюнча жарыяланган 3 айлыктын алкагында бала бакчаларда, мектептерде иш-чаралар өтүүдө

 

Мамлекеттик тил боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында Ош шаарындагы "Наристе" балдар бакчасында тарбиячылардын кыргыз тили боюнча таймашы болду. Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, анда тарбиячылар “Түлкү менен карышкыр”, "Чабалекей менен жылан", “Ырыс алды - ынтымак” өңдүү кыргыз эл жомокторун сахналаштырып, аларды балдарга музыканын коштоосунда айтып беришти.

Аталган иш-чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышып, эжейлердин кылган эмгектерине, балдарга айтып берген жомокторунун тарбиялык маанисине, өзүн алып жүрүүсүнө, балдарды жомок айтуу учурунда өзүнө тартып кызыктыруусуна жана кыргыз тилинде сүйлөөсүнө баа беришти.

Таймаштын негизги максаты мамлекеттик тилди өнүктүрүү, балдарды жомоктор дүйнөсүнө тартып, аларды достукка, ынтымакка, жаратылышты коргоого, кыргыз тилин сүйүүгө үйрөтүү болду.

Иш-чаранын аягында мыкты тарбиячыларга грамота жана белектер берилди.

Эскерте кетсек, бала бакчада мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында “Мыкты мамлекеттик тил бурчу”, “Мыкты мамлекеттик тил бөлмөсү”, "Кыргыз жери" сүрөт сынагы жана жумасына бир жолу “Манас таануу” сабагы киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: