super.kg logo

Жылнаама, 17-ноябрь: Мындан 109 жыл мурун "Honda" компаниясынын негиздөөчүсү, япониялык инженер Соитиро Хонда туулган

 

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 115-чакырымында жүргүнчү ташуучу Мерседес-Спринтер кичи автобусу менен Хонда Аккорд автоунаасы сүзүшкөн. 8 адам каза таап, 23 адам жаракат алган.

* Мындан 160 жыл мурун, 1855-жылы шотландиялык окумуштуу Дэвид Ливингстон европалыктардын ичинен биринчи болуп Африканын Замбези дарыясындагы бийиктиги 120 метр шаркыратманы көрүп, аны ханыша Викториянын урматына атаган.

* Мындан 109 жыл мурун, 1906-жылы "Honda" компаниясынын негиздөөчүсү, япониялык инженер Соитиро Хонда Япониянын Хамаматсу аттуу агрардык провинциясында кедей темир устанын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Соитиро Хонда 8-классты аяктап, Токио шаарына аттанган. Борбордо 6 жыл машина оңдоочу жайда үйрөнчүк болуп иштеп, чогулткан акчасына өзүнүн кичи мекенинде машина оңдоочу жай ачып, чоң бизнеске кадам таштаган. Анын “Хонда” жеке ишканасы орто оокаттуу жарандарга багытталып, эркектерге да, аялдарга да ыңгайлуу болгон.

1945-жылы Японияда болгон катуу жер титирөөдөн улам бардык нерсесинен кол жууп калса да, өжөрлүгүнүн, эмгекчилдигинин арты менен кайра бутуна турган. Ал эми 1948-жылы белгилүү "Honda" компаниясын негиздеген.
XX кылымдын эң көрүнүктүү инноваторлорунун бири Соитиро Хонда 1991-жылдын 5-августунда 84 жашында Токиодо дүйнөдөн кайткан.

* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы Арнольд Шварценеггер Калифорниянын 38-губернатору болуп дайындалган. Ал эми 2006-жылы экинчи ирет шайланып, мөөнөтү 2011-жылы 3-январда аяктаган.

Теги австриялык болгон америкалык актёр жана коомдук ишмер Арнольд Шварценеггер 1947-жылы 30-июлда Австриянын Грац шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Таль кыштагында Густав жана Аурелия Шварценеггерлердин үй-бү­лөсүндө туулган.

“Айбан”, “Коммандо”, “Эгиздер”, “Бала бакча полициясы”, “Терминатор”, “Терминатор-2: Сурак күн”, “Терминатор-3: Машинанын калыптанышы”, “Доктор Дулиттл-2”, “80 күн ичинде ааламга сапар” ж.б. тасмалардагы ролдору менен белгилүү болгон Арнольд Шварценеггер 1990-жылдардан тартып саясатка аралаша баштаган.

17-ноябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: