super.kg logo

Укук коргоочу №50-СИЗОдон кармалгандарды качыруу кандай максат менен уюштурулганы тууралуу өз пикирин айтты

 

№50-СИЗОдон кармалгандарды качырууну өлкөнүн бийлигиндеги айрым күчтөр милициянын тиешелүү өкүлдөрүнүн жардамы менен уюштурушкан. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда тегерек столдун жүрүшүндө укук коргоочу, адвокат Токтайым Үмөталиева билдирди.

Анын айтымында, аталган операцияны уюштургандар учурда тергөөнү өзүнө керектүү нукка буруп жатышат. “Биздин милдетибиз - тергөөнү башка жакка бурдурбоо. Түрмөдөн качкандардын туугандарына жана жакындарына басым жасалып, аларды жалган маалымат берүүгө түртүшүүдө. Мындан тышкары Эдил Абдрахмановду тирүү карматкан милиционерлерге да басым көрсөтүлүп жатат”,- деди укук коргоочу.

Андан соң ал түрмөдөн качыруу кандай максат менен уюштурулганы тууралуу өз пикирин билдирди. “№50-СИЗОдон Азамат Мусуралиевди жана Абдулла Юсуповду качырып, кийин өлтүрүү максаты менен операция уюштурулган. Анткени булар мародёрчулук тууралуу документтерди уурдоо кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулар болушкан”,- деген оюн айтты Үмөталиева.

Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп, качып кеткен. Булардын ичинен 5 кылмышкер ошол эле түнү МАИ тарабынан колго түшүрүлгөн.
16-октябрда качкын кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн. 20-октябрда кылмышкерлердин экинчиси Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тараптан жок кылынган.
22-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Тоо айыл аймагында Эдил Абдрахманов тирүү кармалган. Ушул эле күнү кечинде Бишкектеги Достук конушунда Алтынбек Итибаев 2 саатка созулган атышуу учурунда ок тийип каза тапкан.
Мындан тышкары аталган абактан качып баратканда кармалгандар: Таалайбек Жуманов, Бакыт Кенжегулов жана Муратбек Жумалиев 21-22-октябрь күндөрү түрмөдө каза болушкан.
Ал эми колониядан качып баратканда кармалган Болот Курбанахунов жана Музаффар Уринов учурда абакта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
17.11.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Товааа, аягына чыгабы анан бул создор?
17.11.2015. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кайра кайра эле чыгара береби бул красавчиктердин фотолорун,чыгарбагылачы
17.11.2015. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond0202,)))
17.11.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ой оло кулдум ..красавчиктер..
17.11.2015. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
sasha84, олгон кишиге да кулобу? Акылын ордундабы сенин?
17.11.2015. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдулла Юсупов деген жок го бул жерде,ал ким болду ?
17.11.2015. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда юсупов деп ХХХ корсон. Ошол юсуповдун создоруно мен 150%ишенем
Модератор admin_portal түзөттү 2015-11-18 10:37:25
18.11.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jalguzum - 5 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттардын жарнама кылууга тыюу салынат.
17.11.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу Токтайым деген немени кой дечулор болобу деги, же оозуна келгенди оттой береби.
17.11.2015. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamir-bek. Эжекебиз озун корсоткусу келип атса керек. Айткандарын далилдеп, аягына чыкса анда соз жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: