Букмекердик кеңселер кыргыз футболчуларынын Иордания курамасына утулушарын болжошууда

Бүгүн, 17-ноябрда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары Иордания курамасы менен беттешет. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтчү беттеш 19:30да старт алат.
Бул беттеш алдында букмекердик кеңселер байгелерди кабыл алып жатат. Эгер алардын божомолуна үңүлө турган болсок, бул күнү Иордания курамасы жеңүүчү аталат. Ал эми кыргыз футболчуларынын утууга жана тең чыгууга мүмкүнчүлүгү өтө төмөн бааланууда.
Букмекерлердин болжолу:
Кыргыз Республикасы жеңет - 6.90 коэффициент
Тең чыгуу - 3.50 коэффициент
Иордания курамасы жеңет - 1.50 коэффициент
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
Бирок ким билет мумкун кудай буюруп женип калсак экен дейм.