Өлкөнүн түштүк аймагында күчү 5-6 баллга жеткен жер титирөө катталды

17-ноябрь күнү саат 23:29да Кыргыз Республикасынын аймагында жер силкинүү катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын ала берген маалыматы боюнча, жер титирөөнүн күчү очогунда 5-6 баллга (маалымат такталууда) жеткен. Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ийрек айылынан 10 чакырым батыш тарапта, Ош шаарынан 30 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Жер титирөө Каратай жана Ийрек айылдарында 5-6 балл, Ош шаарында 4,5 балл сезилген (маалымат такталып жатат).
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, кыйроолор болгон эмес жана адам өмүрүнө зыян келген жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн адистери жер-жерлерде тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

Рейтинг:
0

Аллахым айттырбай келген кырсыктан озун асыра!
Катуу болду.
Sagat 23:29 Kyrgyzstan aumagynda zher silkinisi.Kyshi 5,9 ball 17.11.15 g 23:29 chasov
Zemletryaseniye na territorii Kyrgyzstana.Sila 5,9 ballov