super.kg logo

Жаңы конуш тургуну: "Таштанды таштоочу полигондун жетекчилиги менен келишим түзгөн жеке ишкерлер жергиликтүү тургундарды сабоодо"

 

"Таштанды таштоочу полигондун жетекчилиги менен келишим түзгөн жеке ишкерлер жергиликтүү тургундарды сабоодо". Мындай пикирди бүгүн, 18-ноябрда Алтын-Казык жаңы конушунун тургуну Булбул Маматкадырова Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, полигондун жетекчилиги жеке компания менен келишим түзүп, 45 адамды жумушка алган.

"Жеке компаниянын адамдары Замира Акматова деген аялдын башчылыгында полигондогу желим бөтөлкө жана башка кайра иштетүүгө мүмкүн болгон заттарды чогултуп, сорттоп иштешет. Таштандыга эч кимди жолотушпайт. Жакында Өмүрбек деген жергиликтүү тургун иттерине эски нандарды терип жүргөн жеринен Замира деген аял жанындагылар менен аны сабап, велосипедин сындырып кеткен.
Биздин конуш полигонго жакын жайгашкандыктан, тургундар таштандыдан чыккан түтүндөн астма оорусу менен жабыркап, кээ бири каза болуп калууда",- дейт Маматкадырова.

Полигондун директору Алыбек Апасовго бул маселе боюнча бир нече ирет кайрылганын, анын болсо жергиликтүү тургундар менен иши жок экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.11.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таштандыны тазалап койсо да жакпаса.Тазалабай койсо дагы арызданат эленер таштанды толуп кетти деп.Деги эмне кылыш керек туугандар?
18.11.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
altunai.79, Элдинда саламаттыгын эске алышы керекда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: