super.kg logo

Бишкектин таштанды таштоочу полигонунун директору жергиликтүү тургундардын айыптоосун моюнга алган жок

 

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Бишкектин таштанды таштоочу полигонунун акыркы үч жылдагы абалы тартылган видеону көрүштү. Андан агып чыккан суулар Ала-Арча дарыясына кошулуп жатканы, жаныбарлардын сөөктөрү ар кайсы жерде жатканы жана бир нече чакырымга созулган түтүн тартылган. Жыйынга катышып жаткан Алтын-Казык жаңы конушунун тургундары жакында өлгөн иттер тартылган сүрөттөрдү көрсөтүштү.

Аталган полигондун директору Алыбек Апасов мунун баары провокация экенин билдирди. "Мен кызматка бир жыл мурун келгем, бул маалда полигондо бир топ иштер жасалды. Атайын крематорду миллион сомго сатып алганбыз, таштандыдагы жаныбарлардын өлүктөрүн ар бир эки күн сайын жок кылып турабыз. Ал эми Ала-Арча дарыясына түшүп жаткан жаман суулар атайын жасалган арыктар менен барып жатканын аныктадык. Аларды биз бүтөп койдук, кир суу мурункудай эле биздин 3 бассейнге толтурулат",- дейт Апасов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.11.2015. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
виделорду , суротторду качан тартышканын да жаза кетсенер болмок, ким туура экенин биз да аныктап калмакбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: