super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каржыларын башкаруунун маалыматтык системи иштелип чыгат

 

Каржы министри Адылбек Касымалиев бүгүн, 18-ноябрда Түркиянын премьер-министринин аппаратына караштуу Түрк кызматташуу жана координациялоо агенттигинин Борбордук Азия жана кавказ долбоорлору боюнча башкармалыгынын башчысы Али Өзгөн Өзтүрк менен жолугушту.

Жолугушууда аталган агенттик менен "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каржыларын башкаруунун маалыматтык системин иштеп чыгуу жана киргизүү" долбоорунда кызматташуу боюнча протоколго кол коюлганы айтылды.

"Жаңы системди киргизүү Каржы министрлигине Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринде бирдиктүү бухгалтердик эсеп менен бюджетти түзүү процессинен баштап бюджетти кассалык аткарууга чейинки бүтүндөй бюджеттик процессти автоматташтырууга мүмкүндүк берет. Бул милдеттенмелерди үстүнөн көзөмөлдөө боюнча чараларды күчөтүүгө, кассалык пландоону жана өтүмдүүлүктү башкарууну жакшыртууга, казынада ички көзөмөл боюнча комплекстүү анализди жүзөгө ашырууга шарт түзөт",- деп билдирет министрликтин маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: