super.kg logo

Ошто Футбол академиясынын курулушу башталат

 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 17-ноябрь күнү шаардагы курулуп жаткан курулуш объектилеринин жүрүшүн текшерип чыкты. Ош мэриясынан билдиришкендей, калаа башчысы Сай-Бою көчөсүндө жайгашкан Футбол академиясынын курулуш иштерин да көрдү.

Учурда академиянын долбоорлоо сметалык документациялары жана курулуш иштерине тендер өткөрүлүп бүттү. 4 гектар жер аянты Ош шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнүп берилсе, каржылоо үчүн Европанын футбол ассоциациясы (УЕФА) тарабынан 1 миллион АКШ доллары бөлүнгөн. Курулуш иштери бүтүп пайдаланууга берилсе, 60 бала академияда жашап, окуп, профессионалдык футбол менен машыгышат жана бүт шарттар түзүлөт. Келечекте бул жерден дүйнөнү багындырган мыкты футболчулар тарбияланып чыгат деп ишенем. Учурда жер түзөө жумуштарын мэрия бүтүрүп берди. Жакынкы айда курулушка капсула салынып, 2016-жылдын күз айларына бүткөрүлөт”,- деди Кадырбаев.

Футбол академиясында 2 чоң, 2 кичи футбол аянты, медициналык комплекс, бардык шарттары менен жатакана, машыктыруу мектеби, унаа токтотуучу жай жана башка тиешелүү объектилер курулат. Бул жерге окуучулар кичине кезинен кабыл алынат. 60 бала жашап, 1000ден ашуун балдар-кыздар сырттан келип футбол менен машыгышат жана тажрыйбалуу, дүйнөлүк деңгээлдеги машыктыруучулар окутушат. Мындай академия Орто Азия боюнча жок. Ошондуктан Ош шаарына курулуп жатканына биз аябай кубанычтабыз. Бардык курулуш каражаттары, жабдуулары Италиядан алынып келинет. Учурда 20 тонна курулуш каражаттары алынып келинди”,- деп билдирди эл аралык калыс Бахадыр Кочкаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(7)
18.11.2015. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сонун жанылыкго ушул ишти аягына чыгаргыла эми даяр акча турганда! Ийгилик ишиниздерге!
Ruslan_d түзөттү 2015-11-18 15:55:35
18.11.2015. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аа, жанагы эски копуронун усту жагы окшойт . Ийгилик!
18.11.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун ушу темпте иш боло берсин!
18.11.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өнүгү боло баштады кыргыз жеринде Аллага шугур
18.11.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
как Ла Масия болоткенда буйруса молодцы.
tatu. түзөттү 2015-11-18 16:46:45
18.11.2015. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул болунгон акчаныда жеп жутарлар жок кылат!
18.11.2015. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайга шугур келтирели туугандарым. Бизге ушундай ооматтар келе баштады.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: