Дзюдо боюнча быйыл "Хан Манас" Кубогуна 400дөй спортчу катышары күтүлүүдө







Бүгүн, 18-ноябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Шейшенкул Бакиров дзюдо боюнча өтүп келген "Хан Манас" Кубогунун уюштуруучулары менен жолугушту. Анда жыл сайын өтүүчү мелдештин быйылкысына көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу сөз болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдеш быйыл 5-6-декабрь күндөрү Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт. Бул жылы мелдешке Кыргыз Республикасы, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Монголия жана Түркиядан 400дөн ашуун спортчу катышары күтүлүүдө.
Колодон жасалган "Хан Манас" кубогу мелдештеги башкы сыйлык болуп саналат. Сыйлык командалык эсепте жеңишке жетишкен командага ыйгарылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.