super.kg logo
  Саясат  

"Өлкөдөгү ишкердикти коргоп, жумушту ак барактан башташыбыз керек" деди өкмөт башчы

 

Бүгүн, 18-ноябрда премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы астында өкмөткө караштуу Регулятивдик реформа боюнча кеңештин жыйыны өттү.

"Жүргүзүлүп жаткан регулятивдик реформа мамлекетибиздин экономикалык реформаларын ишке киргизүүдөгү олуттуу кадам болуп саналат. Биз ага чоң үмүт артканбыз. Ошону менен бирге бул экономикалык секирик жасаганга түрткү берет деген ойдобуз",- деди.

Жыйындын жүрүшүндө 34 мамлекеттик органдын нормативдик актылар боюнча жүргүзгөн анализдери жана аларга берилген баалар айтылды. Белгилүү болгондой, жалпысынан 3000ге жакын нормативдик документтерге анализ жүргүзүлгөн. Анын ичинен Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги, ЖАМК, УКМК анализди 100 пайызга аткарганы маалым болду. Калган мекемелерге анализди 15-декабрга чейин бүтүрүүгө убакыт берилди.

"Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, соңку убактарда коррупциялык иштер боюнча кылмыш иштери көп козголуп жатат. Мында чиновниктердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган учурлар бар",- деп билдирди.

Вице-премьер-министр Олег Панкратовго кайрылып: "Инвестиция тармагын жакшыртуу боюнча сизден сунуш күтөм. Жумушту ак барактан башташыбыз керек. Ишкердикти да коргошубуз зарыл. Инвесторлорду чакырабыз дагы, көйгөй жаратып жатсак, кантип экономиканы көтөрөбүз?"- дейт Сариев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: