super.kg logo

Өлкөдө бала бакча ачуу үчүн лицензия алуу бир топ жеңилдеди

 

Өлкөдө бала бакча ачуу үчүн лицензия алуу бир топ жеңилдеди. Бул тууралуу 18-ноябрда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева бизнес коомчулугу менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери 161 жаңы бала бакча ачылган.

«Алар жергиликтүү бийлик органдарынын жана бизнестин жардамы менен ачылды. Тарбия берүүчүлөргө эмгек акы мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт. 6 ай ичинде жеке бала бакчаларды ачуу статистикасы 52 пайызга көбөйдү. Бул лицензия алуудагы жеңилдиктердин пайда болуусу менен байланыштуу. Биз тизмени 21ден 19га түшүрдүк. Эми бала бакча ачуу үчүн жеке турак жайдын болушу абзел эмес. 3 жылга ижарага алуу жөнүндө гана документ талап кылынат. Мындан тышкары салык кодексине жакында өзгөртүүлөр кирип, бир топ салыктар бала бакча ачуучулар үчүн алынды»,- деди министр.

Сариева кошумчалагандай, быйыл менчиктештирилип кеткен 119 бала бакча имараты мамлекетке кайтарылып берилди жана бул иш уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: