Баткен. Окуучулар арасында Лейлек күрөшү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды
10-мартта Баткен облусундагы Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Эски-Овчу айылында Лейлек күрөшү боюнча окуучулар арасында мелдеш болуп өттү. Ага аталган айыл өкмөт аймагындагы бир нече мектептин окуучулары катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Бабур атындагы орто мектептин окуучулары алса, 2-орунга А.Момунов атындагы орто мектеп татыды. Ал эми үчүнчү орунду Кайрагач орто мектебинин окуучулары илип кетишти. "Келечекте Лейлек күрөшүн жогорку деңгээлге алып чыгуу менен мектеп программасына киргизүү - мезгил талабы”,- дейт Лейлек районунун акими Тилеберди Арипов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















