Бакиев: "Эгер көз карандысыз адилеттүү сот болгондо, мага карата козголгон кылмыш иштери боюнча соттошмокмун"
"Мага карата канча кылмыш иши козголгонун билбеймин, бирок алардын баары эптеп эле даярдалган. Эгер көз карандысыз адилеттүү сот болгондо, мен соттошмокмун",- деди бүгүн, 18-ноябрда беларустук телеканалга берген маегинде өлкөбүздүн качкын президенти Курманбек Бакиев.
"Мекенимде соттук процесс адилеттүү жүргүзүлбөйт, анткени бийлик мага каршы козголгон бир да кылмыш иши боюнча ута албайт. Мен эл аралык түзүмдөрдө сотту өткөрүүгө мүмкүнчүлүк издеп жүрөм",- деди Бакиев.
Андан соң ал Беларуста эч кандай чектөөлөрсүз жашап жүргөнү тууралуу айтты. "Кээде алыс жерге барып калсам, коопсуздугум үчүн чараларды көрөм. Анткени Кыргыз Республикасынын бийлиги күч түзүмдөрүндөгү жана кылмыш чөйрөсүндөгү айрым адамдар аркылуу мага таасир этиши мүмкүн",- деп кошумчалады качкын президент.
Айта кетсек, 2010-жылдын 19-апрелинде Курманбек Бакиев Беларуска качып кеткен. 2010-жылдын май айында өлкөнүн Убактылуу өкмөтүнүн башчысы Роза Отунбаева Бакиевди президенттик кол тийбестигинен ажыратуу жөнүндө декретке кол койгон. Буга адам өлтүрүүнү уюштуруу жана кызматтык абалынан пайдалануу боюнча Бакиевге карата козголгон кылмыш иши негиз болгон. КРнын Башкы прокуратурасы Бакиевди кайтарып берүү суранычы менен Беларустун Башкы прокуратурасына эки жолу кайрылган, бирок беларусь тарап эки жолу тең макул болбой койгон.
К.Бакиевдин беларустук телеканалга берген биринчи интервьюсу. 18.11.15

