"Силер, беларустар, соодалашканды билбейсиңер" дейт Бакиев

"Беларустун президенти кайсы гана мамлекетке барбасын, мекенинде чыгарылган продукцияны сатууну негизги милдет катары алдына коёт",- деген оюн өлкөбүздүн качкын президенти Курманбек Бакиев беларустук телеканалга берген маегинде билдирди.
"Беларуста мен чиновниктер менен эмес, орто кирешелүү жеке ишкерлер менен жолугушуп сүйлөшүп турам. Бул өлкөдөгү ири мамлекеттик ишканалардын жетекчилери чечкиндүү иштей албаганы мага сезилди. Алар соода кылганды анча билишпейт экен. Негизи, силер, беларустар, соодалашканды билбейсиңер. Базарларыңарда да эч ким соодалашпайт экен. Менин жубайым адатынча соодалашып баштаганда, соодагерлер аны таң калуу менен карашып, анан бааны түшүрүшөт",- деди Бакиев.
"Беларустар сапаттуу продукция чыгарышат. Эт-сүт азыктарыңар Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн арасында эң мыкты, бирок сатууну үйрөнүш керек. Беларусь Азия менен мамилени түзүп жатканы өзүнө пайдалуу. Сүйлөшүүлөр, иш сапарлар, семинарлар - мунун баары жыйынтыкка алып келет",- деди К.Бакиев.
Айта кетсек, 2010-жылдын 19-апрелинде Курманбек Бакиев Беларуска качып кеткен. 2010-жылдын май айында өлкөнүн Убактылуу өкмөтүнүн башчысы Роза Отунбаева Бакиевди президенттик кол тийбестигинен ажыратуу жөнүндө декретке кол койгон. Буга адам өлтүрүүнү уюштуруу жана кызматтык абалынан пайдалануу боюнча Бакиевге карата козголгон кылмыш иши негиз болгон. КРнын Башкы прокуратурасы Бакиевди кайтарып берүү суранычы менен Беларустун Башкы прокуратурасына эки жолу кайрылган, бирок беларусь тарап эки жолу тең макул болбой койгон.
К.Бакиевдин беларустук телеканалга берген биринчи интервьюсу. 18.11.15

