super.kg logo

"Парижде террордук акттарды уюштурган" деп шектелип 7 адам кармалды. Операция учурунда бир аял өзүн жардырууга үлгүрдү

 

"Парижде 129 адамдын өлүмүнө алып келген террордук акттарды уюштурган" деп шектелген 7 адам кармалды. Бул тууралуу европалык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, 18-ноябрда Франциянын атайын багыттагы жоокерлери Париждин Сен-Дени аймагындагы турак жайлардын биринде шектүүлөрдү кармоо операциясын жүргүзүштү. "Операциянын жүрүшүндө бир террорчу аял өзүн жардырууга үлгүрдү. Аны менен кошо анын шериги да каза тапты. Иш-чаранын жыйынтыгында жалпысынан 7 адам кармалды. Операцияга катышкан 5 полиция кызматкери жеңил жаракат алды. Учурда аталган аймакта дүкөндөр жана мектептер убактылуу иштебей жатат",- деп жазышат басылмалар.

Ал эми Парижде террордук акттарды уюштуруу боюнча Абдельхамид Абауд жана Салах Абдеслам аттуу адамдар негизги шектүүлөр катары саналышууда.

Айта кетсек, 13-ноябрда Парижде бир катар террордук акттар болгон. "Стад де Франс" стадионунда террорчулар өздөрүн жардырып жиберишкен. Ондогон адамдар борбордук көчөлөрдө, кафелерде октон каза болушса, "Батаклан" концерттик залындагы көрүүчүлөрдү да куралчан террорчулар атып салышкан. Франциянын борбор шаарындагы теракттар боюнча жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу алган.

Акыркы расмий маалыматка таянсак, 129 адам каза болуп, 352 адам жаракат алган. КРнын Тышкы иштер министрлиги каза болгондор жана жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандары жок экенин маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.11.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
тынч жашаган адамдардын жашоосуна булук салган террорчуларды баарын жыйнап туруп жардырып салыш керек.
19.11.2015. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ssinz7, sizdin oyunuz detskiy bolup kalyptyr
19.11.2015. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошентип тируу кармаса болот экенго ,биздикилерге окшоп эмне учун эмнеге качканын тергебей туруп бекинип жаткан жеринен атып салбай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: