Жогорку Кеңеште мамлекет башчыларынан башка адамдарга унааларынын алдынкы терезелерин караңгылатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралды
Жогорку Кеңештин 19-ноябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды. Демилгечи депутат Дастан Бекешев өзгөртүү мамлекет башчыларынан башка адамдарга унааларынын алдынкы терезелерин караңгылатууга тыюу салуу үчүн киргизилип жатканын айтты. Анын билдиришинче, унааларынын терезелерин караңгылатууга президент, өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин төрагасы, Жогорку Соттун төрайымына гана уруксат берилет.
Депутаттардын талкуусунда мыйзам долбооруна тактоо киргизүү керек болуп, депутаттар кайра иштеп чыгуу үчүн тармактык комитеттин кароосуна жиберишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

