Мароккодогу эл аралык мелдеште байге алган Ош шаарынын спортчулары кайтып келишти










Бүгүн, 19-ноябрь күнү Марокконун Касабланка шаарында самбо боюнча өткөн мелдешке Ош шаарынан барган спортчулар кайтып келишти. Мэриядан кабарлашкандай, аларды тосууга вице-мэр Ильичбек Эргешов баш болгон мэриянын өкүлдөрү, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев жана спорт күйөрмандары барышты.
Маалым болгондой, мелдеш 18 жаштан жогорку курактагылар арасында 12-ноябрдан 15-ноябрга чейин Касабланка шаарында өтүп, ага Ош шаарынан 5 спортчу барган. Алардын ичинен Самат Жаныбек уулу 80 килограмм салмак категориясында 2-орунду ээлеп, күмүш медалды багындырса, Орозбек Автандил уулу 62 килограмм салмакта 3-орунду ээлеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.