Бишкекте 24 жаштагы жигит өзүнөн 20 жаш улуу аялдан токмок жегени боюнча арызданды
18-ноябрда "Бишкектеги "Дыйкан" базарында жаш жигитке карата күч колдонуп, анын баштыгын тартып алды" деген шек менен 44 жаштагы аял колго түштү. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү милицияга 24 жаштагы М.Бакытбек аттуу жигит кайрылып, 18-ноябрда саат 09:00 чамасында аталган базарда белгисиз аял ага карата күч колдонуп, баштыгын тартып алганын билдирген. Жабырлануучунун айтымында, баштыкта 40 миң сом болгон.
Милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, аталган кылмышка шектүү катары 44 жаштагы Н.Асел аттуу аялды кармашты. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Эне деген созго татыктуу болойлучу урматтуу аялзаты
Мен балага "аял сага асылып жатса, мээсин чыгара чаппай не кылып турдун", дегендей мааниде айтканым жок. Болгону кичине жигит деген тын болуу керекда, аял киши кичине ажылдап кыйкырып койсо эле, оозундагы борсогун тарттырып жибербей.
Же жалаң майда акча болду бекен?
Кимдир бирөөлөрдү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Бир чаап жаткыра албаганы учун ушунтип уят болуп олтургандыр да, аял кишиге акчасын тартырып. Азыр жигиттер кобоюп кетти го катуураак шамал болсо кулап тушчуу