super.kg logo
  Саясат  

Эксперттер өлкөнүн ЕАЭБге киришинен кийинки миграциялык агым боюнча божомолдорун айтышты

 

Кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кириши миграциялык агымга таасир этпей турганы көрүндү. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте өткөн конференцияда эксперт Айнура Элебаева билдирди. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Биз ЕАЭБге киргенден кийинки миграциялык абал боюнча 3 сценарийди карап, ошого жараша келечектеги факторлорду болжолдойбуз. Биринчиси - өлкөбүздүн ЕАЭБге кириши миграциялык агымга таасир этпеши мүмкүн. Экинчиси - мамлекетибиздин жогорку квалификациялуу кадрлары Орусияга карай жөнөшү ыктымал. Үчүнчүсү - мурда барган көпчүлүк мигранттардын мекенине кайтышы күчөшү мүмкүн",- деп билдирди Элебаева.

Эксперт мигранттардын мекенине кайтышын Орусиядагы экономикалык кризис жана учурдагы террордук окуялардан улам коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү менен байланыштырып, буга өкмөт даяр болушу керектигин кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: