super.kg logo

Жыл башынан бери билим берүү объектилеринин курулушуна бюджеттен 1 миллиард 252 миллион сом жумшалды

 

2015-жылдын январь-октябрында билим берүү объектилеринин курулушуна бюджеттен 1 миллиард 252 миллион сом жумшалган. Бул туурасында бүгүн, 19-ноябрда маалымат жыйынында каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков кабарлады. Анын айтымында, 2015-жылга такталган бюджетте «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 4 миллиард 763,6 миллион сом каралган.

2015-жылдын 1-ноябрына карата иш жүзүндө 3 миллиард 286 миллион сом каржыланган. Анын ичинен билим берүү объектилеринин курулушуна 1 миллиард 252 миллион сом (мектептерге 1 миллиард 189 миллион сом, бала бакчаларга 63 миллион сом), саламаттык сактоо объектилеринин курулушуна 176 миллион сом, маданият жана спорт объектилеринин курулушуна 53 миллион сом, жол тармагына (автоунаа жолдоруна жана көпүрөлөргө) 1 миллиард 44 миллион сом бөлүнгөн.

Калган каражаттар турак жай-коммуналдык чарба объектилеринин, суу чарба курулмаларынын жана башка объектилердин курулушуна жумшалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.11.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билим беруунун денгээли мен билген жогорку окуу жайларда аябай эле томон. Макул эми, ошондой болсо да иштери илгерилей берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: