super.kg logo

Кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Дамир Сапарбековдун өлүмүнө катыштыгы бар делген Зыпарбек Алиев кармалды

 
Кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Дамир Сапарбеков.
1993-жылы туулган Кайрат Токушев.
1978-жылы туулган Улан Токтосунов.
1986-жылы туулган Зыпарбек Алиев.

Кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Дамир Сапарбековдун өлүмүнө катыштыгы бар делгендердин дагы бири кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, издөө иштеринин нытыйжасында Чүй облусунун 1986-жылы туулган, Зыпа деген каймана аты бар Зыпарбек Алиев аттуу тургуну "Манас" аэропортунан колго түштү. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, окуя 27-апрель күнү саат 23:30 чамасында Бишкек шаарынын Жал кичи районунда болгон. Анда белгисиз адамдар Дамир Сапарбековду үйүнүн кире беришинен атып кетишкен. Ошол учурда үй-бүлөсү жанында болгон. Сапарбеков алган жаракатынан улам ооруканадан каза тапкан. Ошол эле учурда кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал эми экинчиси качып кетүүгө үлгүргөн.

Ички иштер министрлиги бул кылмышка катыштыгы бар делген 3 адамга издөө жарыялаган. Алар: 1978-жылы туулган Улан Токтосунов (кылмыштуу чөйрөдө Сакал деген ат менен белгилүү), 1986-жылы туулган Зыпарбек Алиев, 1993-жылы туулган Кайрат Токушев.

Дамир Сапарбеков 1979-жылы Талас облусунун Манас районунда туулган. Ал өлкөдөгү кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү жана кылмыштуу чөйрөдө “положенец” деген статуска ээ болгон. Ал февраль айында абактан качып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
20.11.2015. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кылмыштуу топтун мучоосу дешип кармап эле жатышат деги качан тугонот булар...??? Кыргызстан кылмышкерлерге бай окшойбуз аябай.
20.11.2015. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jon.as,Тугонбойт,тугонсо дагы башкасы,жаны куч,жаны дем менен,бийликтин алсыздыгы
20.11.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bulgada milici9 kunoluu
20.11.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ufc123456, эмне деп жазгансын?
20.11.2015. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mars55,ufc123456 буга да милиция куноолуу деп жазыптыр мен ошондой тушундум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: