super.kg logo

Кыргыз жери орусиялык туристтердин тандоосу боюнча бул жылы да алдынкы орунга чыкты

 

Орусиядагы саякат тууралуу журнал жүргүзгөн сурамжылоонун негизинде кыргыз жери
фотограф-туристтердин тандоосу боюнча алдынкы орунга чыгып, "Фототур үчүн мыкты аймак" номинациясында жеңишке жетти. Москва шаарында 19-ноябрда сыйлык тапшыруу аземи болгонун КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Туристтер 2015-жылдын июнь-ноябрь айларынын аралыгында 18 номинация боюнча тандоо жасашкан. Анда 250 миңдей турист добуш берип, жеңүүчүлөр аныкталган.

Өткөн жылы орусиялык туристтердин тандоосу боюнча СССР учурундагы мыкты 10 курорттук аймактын ичинен Ысык-Көл биринчи орунду ээлеген.

Бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси, саякатчы, сүрөтчү Даниил Кордандын кыргыз жеринде тарткан сүрөттөрү 2013-2014-жылдары Орусиядагы саякатчылар журналына жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
20.11.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошто азыр да жер титиреди и титиреп жатат 10:46 да болду 4 баллдай.АЛЛАХ озун сактай кор.
20.11.2015. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин жериме эч кайсыл жер тен келбейт,туп тунук молтурогон сууларынан , ак монгулуу тоолорунан айланайын мекеним)))
21.11.2015. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахтын жараткан кооз жерлери бизге насип кылганына шугур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: