Бишкекте аймактык милиционерди аткылап өлтүргөн кылмышкерлерди издөө иштери жүрүп жатат
Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары Аскат Султаналиев


Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары Аскат Султаналиев

Бишкек ШИИББинин жалпы ички курамы аймактык милиционер Актилек Абдубалиевди өлтүргөн кылмышкерлерди издеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Франциядагы террордук акттарга арналган иш-чарада шаардык милициянын башчысынын орун басары Аскат Султаналиев билдирди.
Анын айтымында, борбор калаанын аймагында тинтүү иштери Бишкек ШИИББинин башчысы Кашкар Жунушалиевдин жетекчилигинин алдында жүргүзүлүүдө.
Айта кетсек, кечээ, 19-ноябрда саат 20:00 чамасында Бишкектин 8-кичи районундагы 38-үйдүн жанынан 2 адам аймактык милиционер Актилек Абдубалиевди болжол менен 5 жолу атып өлтүргөн. Андан соң кылмышкерлер велосипеддер менен 7-кичи район тарапка качышканы аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
joni_91

20.11.2015. 10:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Издегиле
Aijow

29.11.2015. 09:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жума отту эмне биздин бийлик ушунчалык алсызбы? Дагы деле табыша элек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.