super.kg logo

Ош. "Унаанын айнегин талкалап, 280 миң сомду, 800 миң сомго бааланган баалуу буюмдарды уурдаган" деп шектелип 1977-жылы туулган жаран кармалды

 

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Кара-Суу жана Өзгөн РИИБинин кылмышкерлерди иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жарандардын баалуу буюмдарын уурдап жүргөн адам кармалды. Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, 2014-жылы 29-декабрда Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну, 1959-жылы туулган Ш.К. арыз менен кайрылган. Ал арызында Куршаб айылындагы базардын жанына токтотуп койгон өзүнө таандык Хонда СРВ үлгүсүндөгү автоунаасынын айнегин сындырып, белгисиз адамдар 280 миң сом, 800 миң сомго бааланган алтын буюмдарды жана 20 адамдын жарандык паспортторун уурдап кетишкенин айткан.

Дагы бир арыз ээси, Кара-Суу районунун Кең-Сай айылынын тургуну 24-май күнү саат 11лер чамасында Кара-Суу шаарындагы "Тураталы" базарынын жанында жайгашкан акча алмаштыруучу жайдан белгисиз адамдар тарабынан 50 миң сом уурдалганын айткан.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган Талас облусунун тургуну кармалды. Ал убактылуу Бишкек шаарында жашайт. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.11.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Таластык ушул жакта уурулук кылып журобу? Шериктери бар да
20.11.2015. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай кобойуп кетти машиненин айнегин чагып уурдагандар...
20.11.2015. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ыкчам топ бир жыл болойун дегенде табышыптырбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: