super.kg logo
  Саясат  

Депутат Лунара Мамытова Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигине нааразы

 

Жогорку Кеңештин депутаты Лунара Мамытова Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигинин ишине нааразы. Муну депутат парламенттин 19-ноябрдагы жыйынында билдирип, элчиликтер менен консулдуктар чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын коргошу керектигин айтты.

"Бир жолу АКШдагы элчиликтин жарандар менен иш жүргүзүүсүн чагылдырганы барсак, иш күнү, иш убактысында элчилик жабык турган. Имараттын эшиги бек болгон. Мугалим, дарыгер, милиция, айтор, ар бир кесиптин ээсинин иши, ишке келиши же келбеши көзөмөлдөнүп турат. Элчиликтин кызматкерлеринин ишин эч ким көзөмөлдөбөйбү? Күтүп отуруп, акыры эч ким келбей турганына көзүбүз жеткенден кийин кеттик. Эки күндөн кийин байланышып элчиликке келсек, андагы кызматкерлер ишин көрсөтүштү. "Элчиликти тартууга болбойт" деп тоскоолдук жасашты, журналисттерди кекетишти. Кыргыз мамлекетин демократиянын аралчасы дейбиз. Ал эми мамлекетибиздин жарандарынын кызыкчылыгын АКШда коргош керек болгон элчилик тескерисинче иш көрсөтүп жатат. "Элчилик коомдон жабык" деген тыянакка келдик",- дейт Мамытова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: